Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Элчибек Жантаев бараткан унаа оодарылып кетти

Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү кызматтык автоуааны Ак-Суу районунун тургуну, 24 жаштагы жигит айдап баратып рулду башкара албай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгына кабылды. Бул маалыматты облустук администрациясы тастыктады.

Сот депутат Абжалиевдин уулу катышкан кырсыктын күнөөкөрүн абактан бошотту
Билдирмеге караганда, кырсык бүгүн, 23-ноябрда, эртең менен облус жетекчиси Бишкек — Торугарт жолунун 156-чакырымында баратканда болгон.

Маалыматта Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү кызматтык автоунааны Ак-Суу районунун тургуну, 24 жаштагы жигит айдап баратып руль башкара албай калганы айтылат. Мунун кесепетинен жолтандабас оодарылып кеткен. Салондогу Жантаев жеңил жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылды.

"Жантаевдин абалы орточо деп бааланууда. Аны менен телефон аркылуу байланыштым, өзү сүйлөп жатат. Айдоочу дагы Караколдо жолдо бара жатат. Анын дагы абалы жакшы", — деди өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоев.

Аталган факт Балыкчы шаардык милициясынын электрондук журналына катталып, соттук-техникалык экспертиза дайындалды.