Дүйнөдөгү эң бышык автоунаалар аталды. Рейтинг

Тизменин алдыңкы сабында Япониянын Mazda компаниясы турат. Эксперттердин версиясы боюнча, аталган фирманын MX-5 Miata, CX-30, CX-3 моделдери бышык келет.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Американын Consumer Reports журналынын аналитиктери дүйнөдөгү эң бышык жана ишенимдүү автоунааларды чыгарган бренддердин рейтингин түздү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Ага ылайык, тизменин алдыңкы сабында Япониянын Mazda компаниясы турат. Ал 83 упай топтоп, тизменин биринчи катарынан орун алган. Эксперттердин версиясы боюнча, аталган фирманын MX-5 Miata, CX-30, CX-3 моделдери бышык келет.

Кыргызстанда эң өтүмдүү автоунаалардын баасы. Инфографика
Рейтингде экинчи орунду 74 упай менен Toyota бренди ээлеген. Адистер бул компаниянын Prius, Corolla жана Prius Prime моделдерин өзүнчө белгилешкен. Башкача айтканда, бул моделдер сапаттуу болорун айтышкан. Lexus компаниясы 71 упай топтоп, тизмеде үчүнчү сапка илинген. Бул фирманын UX, NX жана GX моделдери бышык деп табылган.

Мындан сырткары, алдыңкы ондукка Buick, Honda, Hyundai, Ram, Subaru, Porsche жана Dodge сыяктуу автоунаа чыгарган фирмалар кирген.

Белгилүү болгондой, рейтингди түзүү үчүн 330 миң айдоочунун маалыматы чогултулган. Алар эксперттерге акыркы жылы автоунаасынан байкаган көйгөйлөрдү айтып беришкен.

Айдоочулардан сурамжылоо жүргүзүлүп, автоунаалардын коопсуздугу тууралуу маалыматтар текшерилген соң талдоочулар жыйынтыктоочу баасын беришкен.