Токтобогон митингдерден тарта автоунааны көтөргөн балбанга чейин. Апта ирмеми

Sputnik

Филиппинде "Вамко" тайфунунун кесепетинен 73 адам каза болду. 24 адам жабыркап, дагы 19у дайынсыз.

Тоолуу Карабахта россиялык тынчтык орнотуучулар элге гуманитардык жардам берүүдө.

АКШнын Флорида штатындагы Канаверал жайынан Crew Dragon капсуласын ташыган SpaceX Falcon 9 ракетасы учурулду.

Кыш келбей жатып ак кар жамынган Бишкектин сүрөттөрү
Буэнос-Айрес шаарында (Аргентина) бойдон алдырууну мыйзамдаштырууну колдогон митинг өттү.

Гондурастагы "Йота" тропикалык бороону бир нече ири жер көчкүнү пайда кылды. Миңдеген үйлөр кыйрап, 14 адам каза болду.

Москвада муз үстүндө бийлөө боюнча 2020-2021-сезондогу Гран-при мелдеши жыйынтыкталды.

Севастополь шаарында (Крым, Россия) "Адам автоунаадан күчтүү" аталыштагы билектүүлөрдүн мелдеши өттү.

Лимада (Перу) экс-президент Мартин Вискарранын тарапташтарынын митинги өттү.

1 / 20
Армениялык үй-бүлө Азербайжанга өткөрүлүп берилген Тоолуу Карабахтагы айылынан үйүн көчүрүп кетип жатат
2 / 20
Гондурастын Марковия шаарынын суу каптаган көчөсүндө келе жаткан велосипедчен бала. "Йота" тропикалык бороону өлкөдө бир нече ири жер көчкү пайда кылган. Миңдеген үйлөр кыйрап, 14 адам каза болду
3 / 20
АКШнын Канаверал жайынан учурулган SpaceX Falcon 9 ракетасын карап жаткан элдин сүрөтү
4 / 20
Бишкектин Эркиндик проспектисинде жаш баланы жетелей сейилдеп бара жаткан кыздар
5 / 20
АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Эркиндик айкелинин күн батып бара жаткан учурдагы сүрөтү
6 / 20
Россиялык муз үстүндө бийлөө спортунун чебери Алена Косторная Москвада 2020-2021-сезонундагы Гран-при мелдешинде оюн көрсөтүп жаткан учуру
7 / 20
Буэнос-Айресте (Аргентина) бойдон алдыруу мыйзамын колдогон акциядан көрүнүш
8 / 20
Владивостокто (Россия) муздуу жаандын кесепети
9 / 20
Лимада (Перу) экс-президент Мартин Вискарранын тарапташтарынын митинги. 15-ноябрда күч менен таратылган митингде эки адам каза болгондон кийин бир нече күн бийликте турган убактылуу президент Мануэль Меринонун өкмөтү отставкага кеткен. Конгресстин депутаты Франсиско Сагасти өлкөнүн убактылуу президенти болуп шайланды
10 / 20
Судандагы эфиопиялык качкындар лагеринде тамак-ашка кезек
11 / 20
Филиппинде "Вамко" тайфунунун кесепети. Ураган өлкөгө 209,2 миллион доллар чыгым алып келген. Расмий маалыматка ылайык, 73 адам каза болгон. 24 адам жабыркап, дагы 19у дайынсыз...
12 / 20
Мадридде (Испания) "Русалка" спектакли учурунда көшөгө артында турган Teatro Real театрынын актрисалары
13 / 20
Тоолуу Карабахта россиялык тынчтык орнотуучулардын жанында баласын алып турган киши. Россия Федерациясынын тынчтыкты орнотуу миссиясы кудуктар кургап калган Аскеран аймагынын үч конушуна суу жеткирип, гуманитардык жардам көрсөтө баштады
14 / 20
Франкфурттагы (Германия) Европа борбордук банкынын кеңсесинин терезелеринин сыртынан көрүнүп турган айдын сүрөтү
15 / 20
20-ноябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанындагы Greenwich кафесинде өрт чыкты. Кафенин жайында тамактануучу жайы өрттөнгөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес
16 / 20
Түркиянын Стамбул шаарында Босфордун фонундагы кафеде отурган кишинин үстүнөн чайка учуп өтүүдө
17 / 20
Севастополь шаарында "Адам автоунаадан күчтүү" аталыштагы мелдеште спортчу унаа кузовун көтөрүп бара жатат
18 / 20
Германияда полиция кызматкерлери A49 автожолунун кеңейишине каршы митингдин катышуучусун көтөрүп алып кетип жаткан учуру
19 / 20
Кытайдагы Чжанцзяцзе улуттук паркындагы Байлун лифтинин көрүнүшү
20 / 20
Хьюстондо (АКШ) өтүп жаткан футбол боюнча беттештин тыныгуу маалында чирлидер кыздын чыгып бий көрсөтүп жаткан маалы