Антонинанын кармашы эң мыкты деп бааланып, бонус катары 50 миң доллар берилди

Бүгүнкү беттеште Антонина атаандашын жерге жыгып, башына бир катар соккуларды ургандан кийин жеңишти камсыздаган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. UFC уюмунун кыргызстандык мушкери Антонина Шевченко бүгүнкү өткөн мелдеште мыкты кармаш көрсөткөнү үчүн 50 миң доллар бонус алат. Бул тууралуу промоушендин башчысы Дана Уайт UFC 255 мелдешинен кийинки маалымат жыйында билдирди.

Турнирде Антонина бразилиялык Ариана Липски менен кез келип, экинчи раундда мөөнөтүнөн мурда техникалык нокаут менен уткан. Пантера каймана атка конгон Антонина Шевченко экинчи бөлүктө атаандашын жерге жыгып, башына удаа-удаасы менен урган соккуларынын жыйынтыгында жеңишти камсыздаган. 

Валентина Шевченко каршылашы Майяны токмоктоп чемпиондук наамын сактап калды. Видео
Липски жерде жатып эч кандай каршылык көрсөтө албай калгандыктан калыс беттешти токтоткон.

Жеңиштен кийин UFC адистери Антонина промоушенде алгачкы ирет техникалык нокаут менен утканын, бул ирет ал грэпплинг ыкмасын мыкты колдонгонун белгилешкен.

Эске сала кетсек, бул мелдештин башкы беттештеринин биринде Антонинанын бир тууганы Валентина Шевченко эң жеңил салмактын чемпиондук титулу үчун бразилиялык Женнифер Майяны утту. Муну менен ал чемпиондук наамын төртүнчү ирет коргоп калды.