Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы чыккандар борбордук аянтка келишти. Видео

Нааразычылык акциясын митингчилер темир жол бекетинин алдынан баштап, борбордук аянтка чейин Эркиндик проспекти менен жүрүш жасашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бишкекте тынчтык митингине чыккандар борбордук "Ала-Тоо" аянтына келишти.

Алар Конституциянын жаңы долбооруна каршы жүрүшкө чыгышкан. Нааразычылык акциясын митингчилер темир жол бекетинин алдынан баштап, Эркиндик проспекти менен борбордук аянтка чейин тынчтык жүрүшүн жасашты.

Алар хандык, диктатуралык башкарууга каршы экенин айтып, референдумга жол жок экенин белгилешти.

Чогулгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык активисттер жана шаар тургундары бар.