Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы тынчтык митинги өтүүдө

Нааразычылык акциясына болжол менен 100дөй киши чогулган. Алардын арасында жарандык коомдун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бишкекте темир жол бекетинин алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы тынчтык митинги өтүүдө.

Маалым болгондой, нааразычылык акциясына болжол менен 100дөй киши чогулган. Арасында жарандык коомдун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары да жүрөт. Алар 17-ноябрда сунуш кылынган жаңы Конституциянын долбооруна жана андагы бир катар пунктуларга каршы ойлорун айтуу үчүн келишкен.

Чогулгандар тынчтык жүрүшүндө темир жол бекетинин алдынан баштап Эркиндик көчөсү менен Борбордук аянтка чейин барары айтылды.

Митингде барабанчылар да бар, келгендер Конституцияга каршы ар кандай жазуулары менен плакаттарды көтөрүп алышкан.