Кыргызстанга бармакпыз... Шевченко эстен кеткис саякаты тууралуу баяндап берди

Спортчу коронавирустан улам жарыяланган пандемия пландарына көп деле таасир этпегенин, мекенине келе албаса да убакытты абдан жакшы өткөргөнүн сөз кылган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бул жайда Кыргызстанда болуп, Ысык-Көлгө бармакпыз, бирок, тилекке каршы, оюбуз ишке ашпай калды. Бул тууралуу UFC чемпиону Валентина Шевченко Sport24 сайтына берген маегинде айтып берди.

Ага журналист пандемия жашоосун канчалык өзгөрткөнү тууралуу суроо узаткан.

"Кырдаал катуу таасир этти деп айта албайм, бирок биз башка нерселерди пландаганбыз. Жайды жайлай Кыргызстанда болуп, Ысык-Көлгө баруу тилегибиз бар болчу. Бирок таптакыр башка жактарга саякаттап келдик. Жолубуз оңунан чыгып, сапарыбыз байсалдуу болду", — деди Шевченко.

Кыргызстандык спортчу эки ай бою автоунаа менен жолдо жүрүшкөнүн, күн сайын бейтааныш жерлерде жаңы нерселерге күбө болгонун баяндаган.

Валентина Шевченко карьерасын качан жана кантип жыйынтыктай турганын айтты
"Саякатыбызды Невада штатынан баштап Калифорния, Вашингтондун штаттарын кыдырып чыктык. Тынч океанын бойлой салынган Highway 1 трассасы бар, өтө кооз ажайып жер экен. Ал жакта океан биз көнгөндөй пальмалар, чайыттай тийген күн эмес, туман каптап, толкун болуп, шамал уруп турат экен. Жай экенине карабай күндүн табы 14 градустан ашкан жок, кээде андан да суук болуп жатты", — деди чемпион кыз.

Мушкер бул жерлерди Россиянын жаратылышына окшоштуруп, жергиликтүү тургундар тууралуу айтып берген.

"Эли абдан жөнөкөй экен. Баары тең кара жумушта иштегендер, балыкчылар, моряктар. Балык уулап эле жан баккан бир нече айылдарды көрдүк. Сиэтлге келип дагы бир башкача дүйнөгө туш болдук. Ал жакта бири-бири менен деңиз аркылуу байланышкан көптөгөн аралдар бар экен. Машинаңды жүктөп, кийинки аралга жетип алсаң болот. Биз бул аралдардын баарынан өтүп, Канада менен чектешкен жерге чейин бардык. Бирок чек ара жабык болгондуктан, андан өтө алган жокпуз. Эки жумадай ошол жакта жүрүп, кайра океан аркылуу эмес, Невада штатынын тоолору аркылуу кайттык. Чөл, тоо суулары... Бул да бир ажайып көрүнүш экен", — деди Шевченко.

Кыргызстандык спортчу алгач пландалган эки жумалык саякат эки айга узарып кеткенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, эже-сиңди Шевченколор 22-ноябрь күнү эртең менен Лас-Вегаста UFC алкагында кезектеги беттешүүлөрүн өткөрөт. Валентина октагонго чемпиондук курун төртүнчү ирет коргоо үчүн чыкмакчы. Атаандашы — бразилиялык Женнифер Майя.