Былтыр кайсы оорулардан кыргызстандыктар көп каза тапкан. Статистика

Өлүмгө себеп оорулардын ичинен биринчи орунда жүрөк кан-тамыр, экинчиде онкологиялык илдеттер турат. Ошондой эле кырсыктан каза болгондор дагы аз эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Улуттук статистика комитети өткөн жылы кыргызстандыктар көбүнесе кайсы илдеттерден көз жумгандыгы тууралуу маалымат жарыялады.

Ага ылайык, адам өмүрүн эң көп алган илдеттердин сап башында жүрөк кан-тамыр оорулары турат. Жыл ичинде жалпы өлгөндөрдүн 51 пайызы анын курмандыгы болгон.

Инсульттун көпчүлүк биле бербеген алгачкы белгилери айтылды
Экинчи орунда 12,4 пайыз менен онкологиялык илдеттер турса, үчүнчүдө капилет кырсыктар (7,6 пайызы) турат. Бул топко жол кырсыгы, уулануу сыяктуу себептер кирет.

Андан кийинки орундарда тамак сиңирүү, дем алуу системаларынын оорулары жана жугуштуу илдеттер турат.

Мындан тышкары, Кыргызстанда жаш энелердин өлүмү азайбай жатканы айтылат. Тагыраагы, былтыр кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда же төрөттөн кийинки мезгилдерде күчөп кеткен оорулардан 43 келин каза тапкан.