Радио

Талантбеков: "шып" деген сөздү айрым аймактарда колдоно бербейт

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков учурда коомдо айрым буюмдардын кыргызча аталыштары колдонулбай бара жатканын айтты.
Sputnik
Талантбеков: "шып" деген сөздү айрым аймактарда колдоно бербейт

"Шып" деген сөздү айрым аймактарда колдоно бербейт. Ал "потолок" дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Анын айтымында, "шып" деген сөз "Манас" эпосунда дагы кездешет.

"Кээ бир аймактарда айрым кыргызча сөздөр колдонулбай калган. Маселен, "шып" деген сөз көпчүлүк аймактарда "потолок" деп орусчасы колдонулат. "Манас" эпосунда да бул сөз көп кездешет. Ал тургай адамды сүрөттөө катары дагы колдонулган учурлары бар. Алсак чоролордун бири болгон Дөрбөндү "шыпты кашка" деп сүрөттөйт. Ал "шыпка" чейин жеткен, узун, чыгаан чоро деген маанини түшүндүрөт", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал коомчулук жоголуп бара жаткан көөнө сөздөрдүн маанисин жайылтышы керектигин кошумчалады.