БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Каракол шаарында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 50гө чукул кызматкери мэриянын алдына митингге чыкты.
Чогулгандар "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Алмаз Абдыкеевдин ишке кайра коюлушун талап кылышты. Алардын айтымында, Абдыкеев өзүнүн милдетин жакшы аткарып келген.
"Ал жетекчи болгондо жакшы иштер жасалды. Караколдун мэринин милдетин аткаруучу Эрмат Жумаев анын ордуна Темирлан аттуу жаш жетекчини дайындаганы жатканы туурасында уктук. Бул адам эч качан аталган системада иштеген эмес жана биздин ишти түшүнбөйт. Мурдагы жетекчинин ордуна азырынча ишибиз менен жакшы тааныш башкы инженер Адилет Эрназаровду дайындап турууну сунуштайбыз. Болбосо, биринчи күнү ишке чыкпайбыз", — деди ишкананын электриги Улан Бектемиров.
Нааразы болуп келгендерге Караколдун мэринин милдетин аткаруучу Эрмат Жумаев чыгып, алардын мурдагы жетекчисине башка кызмат сунушталып, ал ойлонуп жатат деген маалымат берди.
Жумаевдин айтымында, ишкана жетекчилигине сыноо мөөнөтү менен иштей турган талапкер каралып жатат.
Учурда аталган ишканада 120 киши эмгектенет.