Беттеш алдында. Эже-сиңди Шевченколор атаандаштарын теше тиктеп... Видео

Лас-Вегаста эртең таңда, 22-ноябрда, эже-сиңди Шевченколор UFC алкагында кезектеги беттешүүлөрүн өткөрөт. Кечээ турнирдин катышуучулары салмагын тактап, таразага түштү.
Sputnik

UFC Russia YouTube каналына аталган учурдун видеосу жайгаштырылган.

UFC 255 турниринде Валентина Шевченко төртүнчү ирет өзүнүн чемпиондук титулун коргоп, ага атаандаш бразилиялык Женнифер Майа болот.

Валентина Шевченко КМШдагы сулуу жана мыкты мушкер аял деп табылды. Сүрөт
Антонина Шевченко да кайра эле бразилиялык дагы бир спортчу Ариана Липски менен беттешет.

Антонина Шевченконун атаандашы менен тиктешкенин 04:45 – 04:55 деп белгиленген мүнөттөрдө, ал эми Антонина Шевченконукун 2:27-2:35 деп көрсөтүлгөн учурлардан көрүүгө болот.

Баса, бул беттешке кыргызстандык спортчулар да божомол жасап, Валентинанын эч кимде жок артыкчылыгы бар экенин айтышкан.