Новиков: COVID боюнча абал турукташа баштады, өкмөт кооптуу кырдаалга да даяр

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу дары-дармектердин аймактардагы наркы Бишкек шаарындагы баалардан кескин айырмаланбашы керектигин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Мамлекет COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Республикалык штабдын кеңешмесинде айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ал акыркы күндөрү эпидемиологиялык кырдаал боюнча оңдуу динамика байкалганын, бирок начарлап кетүү кооптуулугуна даяр туруу керектигин айткан. Аны менен катар өлкөдө дары-дармек жана жеке коргонуу каражаттары жетиштүү экенин белгилеген.

Новиков: COVID боюнча абал турукташа баштады, өкмөт кооптуу кырдаалга да даяр
"COVID-19дан айыктырууга зарыл болгон дары-дармектердин аймактардагы наркы Бишкек шаарындагы баалардан кескин айырмаланбашы керек. Дагы бир ирет бааларды көзөмөлгө алыңыздар. Зарыл болгон учурда бааларды жөнгө салуу боюнча чараларды кабыл алыңыздар. Бүгүнкү күндө бул үчүн бардык мыйзам рычагдары жетиштүү", — деди Новиков.

Кыргызстандагы COVID: оор абалдагы бейтаптар, ооруган медиктер. Статистика
Жакында адамдар көп байланышта боло турган жаңы жылдык майрамдар, президенттик шайлоо бар экенин айтып, бул учурда оорунун жыйылып кетишине жол бербөөгө чакырды.

Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө республиканын ар бир аймагында коронавируска чалдыккан абалы оор жана өтө оорлошкон бейтаптар менен ишти күчөтүү боюнча тапшырмалар берилген.