Кыргыздын маданиятын, тамак-ашын бөтөн жерде даңазалаган "Жибек Жолу" ресторанын негиздегендердин бири Марат Билимбеков менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы маек курду.
— АКШда кыргыз ресторанын ачууга эмне түрткү болуп, ишти кандайча баштадыңыздар?
— Азыр Иллинойс штатында үч рестораныбыз иштеп жатат. Бирөө Чикаго шаарында, экөө анын четиндеги Гленвью менен Нейпервиллде. Эки өнөктөшүм жүк ташуу менен алектенет. Алар үчүнчү ресторанды ачууга инвестиция жагынан жардам берди. Эң биринчи ресторанды биз үй-бүлөбүз менен 2009-жылы Чикагодо ачып, азыркыга чейин иштетип келебиз. Аны биз киреше табуу гана максатында эмес, сүйүктүү ишибиз катары баштаганбыз. Андан бери бир топ кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Эң жеңили ишти баштоо жана аны каттоодон өткөрүү болду. АКШда үч айдын ичинде тиешелүү кагаздарды чогултуп, жумушчуларды жана имарат таап өз ишкерлигинди баштай аласың. Эң кыйыны — атаандаштыкка туруштук берип, ишти өнүктүрүү. Бул жакта жыл сайын миллиондогон мекеме ачылат, анын 90 пайызы алгачкы эки жыл ичинде эле кайра жабылып калат. Мындай көрсөткүчтөр COVID-19 пандемиясынын аркасы менен кирген чектөөлөргө чейин эле болгон.
— Борбор Азия элдеринин, анын ичинде кыргыз тамак-ашын башында америкалыктар кандай кабыл алышты?
— Бөтөн жерде ресторан ачуу, ал жактагыларды кыргыздын үрп-адаты, улуттук тамак-ашы менен тааныштырып жаткан экенсиздер. Кыргызстанды башка элдерге жакшы эле жарнамалап жаткан турбайсыздарбы?
— Ооба. Биздин тамактар кантип, ага эмне кошулуп жасала турганын конокторго айтып беребиз. Менюбуз ар түрдүү. Анын ичинде кыргыздардыкы гана эмес, КМШ элдеринин, мисалы, армян, орус элинин тамактары дагы бар.
— Кыргыздар ачкан эс алуучу жана тамактануучу жайга азыр көбүнчө кайсы улуттун өкүлдөрү келүүдө?
— Кардарлардын 80 пайызы мурдагы советтик республикаларда жашап калгандар. Алар көп жылдан бери өздөрүнүн кичи мекенинен алыс жакта жүргөндүктөн тамак-ашын сагынат экен. Биз керектүү азык-түлүктөргө буюртма берип, кошулмаларды издеп таап дамдуу тамак жасап берип, кубандырабыз. Алар отуруп алып жаш кездерин, Союз маалын эстешет. Андан сырткары, дайыма эс алууга келип турган жергиликтүү америкалыктар дагы жок эмес.
— Кээде бир улутка гана тиешелүү болгон суусундук же тамактарды сурап калган учурлар болуп калабы?
— Ооба, кымыз, жарма, куурдак сурап калышат. Буюрса, менюдагы тизмени жаңылайбыз деп айтабыз. Себеби ар бир улутка таандык тамакты даярдоо кылдаттыкты талап кылат, ага мүнөздүү азык-түлүк, кошулмалар пайдаланылат. Аларды өзүбүз атайын дүкөндөрдөн издештиребиз.
— Ресторандын жасалгасына керектелген эмгектерди атайын буюртма берип Кыргызстандан алып келгенбиз. Ички жасалгага тиешелүү буюмдарды кыргызстандык кол өнөрчүлөр жасашкан. Мунун аркасы менен биз тамак берип гана тим болбостон, өзүбүздүн искусство, маданиятыбыз менен да тааныштырып жатабыз. Ал жасалгаларды келгендер көрүп көпчүлүгү таң калып, кызыгып кетишет.
— АКШда эмгектенип, окуган кыргызстандыктар аз эмес, мекендештирибиз ал жактан Кыргызстандагыдай эле той өткөрүшөт деп угабыз...
— Кадимки өзүбүздөгүдөй эле тамада, ырчы, бийчилердин коштоосунда тойлор болуп жатат.
— Ресторанды ачып жаткандагы көздөгөн максат, тилектериңиздерге жеттиңиздерби?
— Менимче, толук жеттик. Эң негизги максатыбыз кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу болгон. Азыр биз күткөндөн да жакшы жыйынтыктар бар деп ишеничтүү айта алабыз. Жамаатыбыз көп улуттуу, арасында Кыргызстан, Таиланд, Монголия, Мексика, Түркмөнстан, Россиядан келгендер бар. Башында аларды чогултуу, түшүндүрүү кыйын болду. Ашпозчуларды атайын издеп, айрымдарын биздин тамак-ашты жасаганды үйрөттүк. Азыр үч рестораныбызда 50дөн ашык адам иштейт. Буюрса, башка штаттарга дагы ачып, кеңейтүү пландарыбыз бар. Анткени бизди жергиликтүүлөр жакшы кабыл алышууда, башка шаарда жашагандарда да суроо-талап бар.