БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Жерге өлчөмү 370ден 820 метрге чейинки 153201 (2000 WO107) астероиди жакындап келе жатат. Бул тууралуу НАСАнын Жерге жакын объектилерди изилдөө борборунун сайтында айтылганын РИА Новости жазды.
Астероид Жер планетасына 29-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө жакындайт.
Бул аралык Ай менен жертин ортосундагы узундуктан 11 эсе көп. Ошондуктан бул жолу космостук "келгин" Жер планетасына коркунуч туудурбайт, бирок ал өзүнүн орбитасын кесип өткөндүктөн кооптуу болушу мүмкүн.
Бул башкаларга да кызыктуу. 600 миң астероид жөнүндө маалыматтар топтолгон Asterank маалымат базасынын белгилөөсүнө ылайык, 2000 WO107 астероидинде пайдалуу кендердин наркы 17,4 миллиард доллар деп бааланууда. Асман телосунда никель, темир жана кобальт бар.