Жалал-Абад шаарынын мыкты санарип мугалими аныкталды. Сүрөт

Алдыңкы орунду ээлегендерге ноутбук, компьютерлер берилсе, калган катышуучуларга турмуш-тиричилик техникалары тапшырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында "2020-жылдын мыкты санарип мугалими" сынагы болуп өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Конкурс шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, 19 мектептин мугалимдери катышкан. Натыйжада №13 Розы Азимов атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Айнура Асилбекова жеңүүчү аталган.

"Педагогдор жаңыча технологияларды пайдалануу менен билим берүү, окуучуларды онлайн сабакка тартуу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү жана ата-эне, окуучулар менен байланыш түзүүнүн алкагында таймашты", — деп айтылат маалыматта.

Алдыңкы орунду ээлегендерге ноутбук, компьютерлер берилсе, калган катышуучуларга турмуш-тиричилик техникалары тапшырылган.

Мындан сырткары, "2020-жылдын мыкты мектеп" сынагын жеңген №5 Бекмамат Осмонов атындагы мектеп гимназиясына Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн туусу ыйгарылган.

Жергиликтүү бийлик аталган сынак үчүн казынадан 150 миң сом бөлгөн.