Сокулукта унааларды тейлеген жайда чыккан өрт толук өчүрүлдү

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 09:50дө ӨКМден үч өрт өчүрүүчү бөлүм, бир суу ташуучу унаа жана штаб тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районундагы автоунаа оңдоочу жайдан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

"Такталган маалымат боюнча, Новопавловка айылынын Деповская көчөсүнүн №78 дарегиндеги автобазанын аймагында жайгашкан техникалык тейлөө станциясынан (СТО) чыккан өрт саат 11:47де толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок", — деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.

Буга чейин эски заводдун аймагында жайгашкан техникалык тейлөө станциясынан (СТО) өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 09:50дө ӨКМден үч өрт өчүрүүчү бөлүм, бир суу ташуучу унаа жана штаб тартылган. Өрт саат 10:42де чектөөгө алынганы кабарланган болчу.