Samsung ийилчээк экраны бар арзан смартфон чыгарганы жатат

Презентация Samsung Galaxy Z Flip
Алдын ала маалыматтарда, жаңы смартфон Galaxy Z Flip Lite деп аталат, башкача айтканда, ийкемдүү Z Flip моделинин капкакчасынын уландысы болот.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Түштүк Кореянын Samsung компаниясы бүктөлмө дисплейи бар смартфондун арзандатылган версиясын чыгарганы жатат. Жаңы смартфон жөнүндө маалыматты коомчулукка таанымал Росс Янг аттуу инсайдер өзүнүн Twitter баракчасына жазганын РИА Новости билдирди.

Huawei Mate 40 Pro
Кубаттуулугу эң күчтүү смартфон аталды
Алдын ала маалыматтарда, жаңы смартфон Galaxy Z Flip Lite деп аталат, башкача айтканда, ийкемдүү Z Flip моделинин капкакчасынын уландысы болот. Кызыгы, арзандатылган смартфон бүктөлмө болсо да, анын дисплейиндеги өтө жука айнек сакталган бойдон калат.

Жаңы модель качан чыгары, мүнөздөмөсү жана баасы жөнүндө маалымат айтыла элек.