БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Сокулук районундагы Новопавловка айылынын Деповская көчөсүндө жайгашкан автоунаа оңдоочу жайдан өрт чыкты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Тилсиз жоо тууралуу маалымат түшөрү менен саат 09:50дө Бишкектин Ленин районунан бир өрт өчүрүүчү автоунаа, саат 10:00дө Сокулук районунан, 10:13тө Биринчи май районунан бирден бригада чыгып кеткен. Жалпысынан үч өрт өчүрүүчү бригада, бир суу ташуучу унаа тартылган.
Ал эми саат 10:42де жалын чектөөгө алынганы кабарланды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет.