БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык студент кыз Сезим Чотубаева онлайн өтүп жаткан эл аралык деңгээлдеги "Untact Face of Asia — 2020" деп аталган сулуулук сынагына катышууда. Бул тууралуу ал Sputnik агенттигинин кабарчысы менен маектешип жатып айтып берди.
Сеул шаарындагы Маданият, спорт, туризм министрлиги жана Сеул туристтик уюму уюштурган сынак жазында башталган. Катышуучунун айтымында, мартта кастинг өтүп, андан кийин Шымкентте тандоо этабы болушу керек эле.
"Бирок пандемиянын кесепетинен улам Шымкент менен Сеулда болуучу сынак программалары токтотулган. Уюштуруучулар аны онлайн өткөрүү чечимин кабыл алышкан", — деп айтып берди Чотубаева.
Онлайн-таймаш сентябрь айында башталган. Ага Азия аймагындагы 23 мамлекеттен 80 кыз катышкан. Азиянын мыкты моделин 100 күн тандашып, кыргызстандык кыз тандалган 20 сулуунун катарына кирген.
"Алгач 80, кийинки этапта 40, андан соң 30 кыз калды. Учурда 26 модель кийинки жарышка даярданууда. Эми финалга 13 катышуучу өтүшү керек", — деди Сезим.
Катышуучулар роликтердин жардамы менен калыстар тобун жана көрүүчүлөрдү өзүнүн өлкөсүнүн маданияты менен тааныштырат. Мындан сырткары, өзү туурасында айтып бериши керек.
Сезим финалга өтүш үчүн анын YouTube каналындагы ролиги тиешелүү сандагы лайктар менен комментарий алышы керек. Онлайн-добуш берүү дүйнөнүн бардык бурчундагы көрүүчүлөр үчүн өткөрүлөт.
"Жарым финалга өттүм, дагы эки тур калды. Бардыгыңыздардан мени колдоп коюуну суранат элем. Видеомду көрүп, пикир калтырыңыздар. Лайк канчалык көп болсо, жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жакын болот", — деди Сезим сулуу.
Кыргызстандык селки учурда Жалал-Абаддагы мамлекеттик университеттин медициналык колледжинин биринчи курсунда билим алат. Окуусу менен моделдик ишин айкалыштырып келет.