Кыш келбей жатып ак кар жамынган Бишкектин сүрөттөрү

Sputnik

Бишкекте кар калың болбогону менен түнкүсүн жолдорго муз тоңуп жатат. Сууктан улам Бишкектин тургундары кабаттап кийинип, үйлөрүн жылуулаганга киришти. Дарыгерлер күз-кыш мезгилинде аба ырайынын кескин өзгөрүшү адамдын ден соолугуна жана иммунитетине таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтышат.

Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет
Дарыгерлер өтө калың эмес, ошол эле учурда үшүп калбай тургандай кийинүүнү сунуштоодо. Ошондой эле бет кап кийүүнү эскертишет, анткени сасык тумоо жана грипптин маалы башталат, бул пандемияда кооптуулукту ого бетер күчөтөт.

Синоптиктер билдиргендей, декабрь айында аба ырайында адаттагыдан айырмаланган көрүнүштөр болбойт. Бирок кээ бир жерлерде жаан-чачын көп жаашы мүмкүн.

Чүй облусунда түнкүсүн абанын температурасы –12 ... –17 градуска чейин төмөндөшү ыктымал, күндүз –4 ... –9 градуска жетет. Бишкекте, адатта, өрөөндөргө караганда жылуу болот, күндүз + 7 ... + 12, ал эми түнкүсүн –5 ... –10 градус суук болору айтылды. Жаан-чачын ченемден ашпайт деп болжолдонууда.

 

1 / 14
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы Манастын эстелиги
2 / 14
Сууктан улам Бишкектин тургундары жылуу кийинүүгө өтүштү. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы шаар тургундары.
3 / 14
Бишкекте кар калың эмес. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы Улуттук гвардиянын Ардактуу кароолу нөөмөт алмашып жаткан учуру.
4 / 14
Дарыгерлер күз-кыш мезгилинде аба ырайы адамдын ден соолугуна жана иммунитетине таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтышат. Сүрөттө: Бишкекте Ак үйдүн (Жогорку Кеңеш) кеч күздөгү көрүнүшү.
5 / 14
Дарыгерлер өтө эле жылуу эмес, ошол эле учурда үшүп калбай тургандай кийинүүнү сунушташат. Сүрөттө: Бишкектин Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги фонтан
6 / 14
Бишкекте кар калың болбогону менен түнкүсүн жолдордо муз тоңуп жатат. Сүрөттө: Бишкектеги ТЭЦтин фонунда Лев Толстой көчөсү менен бара жаткан унаалар
7 / 14
Бет кап кийүү сунушталууда, анткени азыр сасык тумоо жана грипп башталган мезгил. Бул пандемияда кооптуу. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлери темир жол участкасындагы иш учурунда.
8 / 14
Синоптиктер билдиргендей, декабрь айында аба ырайында адаттагыдан айырмаланган көрүнүштөр болбойт. Бишкектин чок ортосундагы турак үйдүн кар түшкөндөн кийинки көрүнүшү.
9 / 14
Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн –12 ... –17 градуска чейин төмөндөп, күндүз –4 ... –9 градус болот. Сүрөттө: Бишкектин Эркиндик проспектинде селкинчекте турган жаштар.
10 / 14
Бишкекте өрөөндөргө караганда жылуураак болот, күндүз 7 ...12 градуска чейин жылыйт. Бишкектин Эркиндик проспектинде кышкы сейилде жүргөн эл.
11 / 14
Түнкүсүн баш калаада –5 ... –10 градус суук болот. Сүрөттө: Бишкектин Эркиндик проспектиндеги дан себилүүчү жайда конуп турган көгүчкөн.
12 / 14
Синоптиктер жаан-чачын ченемден ашпайт деп болжолдоп жатышат. Сүрөттө: Бишкектин Эркиндик проспектиндеги жаш көчөттөр.
13 / 14
Бишкектин Эркиндик проспектинде сейилдеп жүргөн эл
14 / 14
Эркиндик проспектинин бийиктен көрүнүшү