БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 386 кишиден табылды. Ошол эле маалда 427 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Билдирмеге ылайык, коронавирус жуктургандардын көбү, тагыраагы, 130у Бишкектен.
Жуктургандар:
- Бишкек – 119;
- Ош – 2;
- Чүй облусу – 118;
- Ош облусу – 30;
- Талас облусу – 17;
- Нарын облусу – 11;
- Ысык-Көл облусу – 55;
- Жалал-Абад облусу – 7;
- Баткен облусу – 27.
Айыккандар:
- Бишкек – 91;
- Ош шаары – 2;
- Чүй облусу – 81;
- Ош облусу – 55;
- Талас облусу – 11;
- Нарын облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 33;
- Жалал-Абад облусу – 85;
- Баткен облусу – 66.
Өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 68 702ге жетти. Анын ичинен 59 789у айыкса, 1 223 бейтап көз жумду.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен алтоо Бишкек шаарында, экөө Баткен, экөө Ысык-Көл жана экөө Талас облусунда иштешет.
Бир суткада стационардан төрт медик айыгып чыгарылган.