Түркиянын Карабахтагы тынчтык орнотуучулары: же бар, же жок болуу

Анкаранын Закавказье багытындагы аскердик-саясий активдүүлүгү жана Улуттук жыйындын Башкы ассамблеясынын Азербайжанга бир жылга саны айтылбаган аскерлерин киргизүү чечими көп ойго салууда (парламент Азербайжанга аскер киргизүүнү колдоп берди).
Sputnik

Миссиянын масштабын жана камтый турган алкагын Түркия президентинин администрациясы аныктамакчы, бул чечим аймакта олку-солкулукту шарттай турчу катализаторго айланышы толук мүмкүн. Аймактагы кырдаалга баяндамачы Александр Хроленко көз салган.

Түрк аскерлери Азербайжанда тынчтык орнотуучу күч боло албай турганын түшүндүрүп да кереги жок. Анкара каршылашып жаткан тараптардын бирин колунан келишинче колдоп жатат.

Россия президенти Владимир Путин түрк лидери Режеп Тайип Эрдоганды кырдаалды курчутпай, аскерин киргизип армян тарапка чагымчылдык жасабай турууга көндүргөндөй болгон. Бирок Эрдоган күтүүсүз кадамдарга көп барган саясатчы катары белгилүү эмеспи. Азербайжан жеринде Анкара мындай аракеттерди Баку менен биргеликте гана ишке ашыра алат, демек стратегиялык чечимдер буга чейин эле кабыл алынып, окуя кандай өнүгөрү буга чейин эле аныкталган. Бул конспирология да эмес, геосаясий аналогия болуп калды.

Армениянын Тоолуу Карабахтагы аскердик катачылыктары
Мисалга алсак, 2015-жылы Россия Сирияга Дамасктын өтүнүчү менен убактылуу аскер контингентин киргизип (тартип орнотуу үчүн), эки туруктуу аскер базасына ээ болду. Анкараны мындай факт сүйүнтөрү күмөн. Эми Түркия боордош Азербайжанга жардам берүү жана өз кызыкчылыгын ишке ашыруу планы менен “өчүн” алчудай болуп турат. Нааразы болгон коңшулар же татыктуу жооп берип, же мөрөйүн алдырып тим болууга аргасыз.

Эркиндик деңгээли

Азербайжан президенти Ильхам Алиев 10-ноябрдан бери оңтою келген жерден эле Түркия Карабахтагы операцияга Россия менен биргеликте катыша турганын айтып келе жатат. Бул да кокусунан эмес. 10-ноябрда жетишилген үч тараптуу келишимде бир караганда көп байкала бербеген “кооптуу” жагдайлар бар.

Тоолуу Карабахта согуш жүргөн жер жана армян калкы байырлаган эки ички көзөмөл зона бар, ал эми тышкы коопсуздук аймак картада да көрсөтүлгөн эмес. Мисалы, грузин-абхаз чырында эки тарапты Ингури дарыясы бөлүп турган, андан батышты көздөй 12 чакырым, чыгышты көздөй 12 чакырым аралык коопсуздук зонасы деп белгиленген, дагы 12 чакырым жер куралдуу күчтөрдүн аймагы делчү. Ушул жердин баары россиялык тынчтык орнотуучулардын көзөмөлүндө эле. Карабахта россиялыктар көзөмөлдөгөн коопсуздук зонасы ич жакка кирип кеткен, ал эми сыртында азербайжан тарап (Анкара кошулуп) кандайдыр бир деңгээлде ээн-эркин калып, бул жагдайды өз пайдасына пайдалангыдай шарт түзүлүп калган. Россиялык тынчтык орнотуучулардын посттору “тигил тараптагы” аймакты көзөмөлдөй албайт. Бул келишимдин жалгыз талуу жери эмес.

Карабах окуясы. Путин согушту токтотууда кандай тоскоолдуктар болгонун айтты
Үч тараптуу макулдашуу менен башынан эле ок атууну токтотуунун эки шарты аныкталган — Россиянын Тоолуу Карабахтагы (армян калкы байырлаган) тынчтык орнотуу операциясы жана Россия менен Түркиянын бирлегелешкен көзөмөл борбору. Булар өз ара аракетке келип кызматташышы мүмкүн, интеграцияга жол берилбейт. Буга чейин Түркиянын Карабах боюнча байкоочуларынын мобилдүүлүгү чектелип, планда өлкөдөн чыгуу каралбаганы (маалымат жыйноо учкучсуз аппарттарга жүктөлгөн) айтылган. Ага карабай, кагылышуу жүргөн жердин сыртында, азербайжан калкы көбүрөөк байырлаган аймакта Бакунун көзөмөлү басымдуулук кылат, ал эми Россия менен Түркиянын биргелешкен борбору Азербайжандын каягына жайгашары азырынча белгисиз. Болгону аны эки тарапты бөлүп турган сызыктан анча алыс эмес жерден орун алат деп божомолдоого болот (абалга көз салып турууга ыңгайлуу болот). Балким борбор аскердик кагылышуу жүргөн 45 сутканын ичинде Азербайжандын карамагына өткөн жети райондун биринен орун алып калышы да ыктымал.

Кооптуу эксперименттер

Азербайжан — суверендүү өлкө, мындан улам РФ ТИМинин Россиянын тынчтык орнотуу операциясынын уникалдуулугун жана кайталанбастыгын байма-бай эскертип жатканын Бакунун аскердик-саясий жетекчилиги кадимки иш процесси катары кабылдап жаткандай. Тигил же бул көйгөйдү чечүүдө президент Ильхам Алиев өз өлкөсүнө жакын турган түрк досторун да, керек болсо алыстагы Жаңы Зеландиянын аскерин да чакыра алат, укугу бар. Эки жактын каалоосу болсо процесстин форматы ар кандай болушу мүмкүн. Мындай эксперименттер үчүн убакыт жетиштүү, адатта тынчтык орнотуу операциялары он жылдап созулат эмеспи. Келечекти ар кыл вариантта сүрөттөөгө болот.

Түркия Азербайжанга аскерлерин жөнөткүсү келип жатат. Россия эмне дейт
Россия ТИМи Тоолуу Карабахтын макамын аныктоо үчүн болжолдуу да мөөнөт жок экенин белгилөөдө. Аймактагы кырдаал курч бойдон калып жатат. Ильхам Алиев “Россия менен Түркия азербайжан жана армян элинин коопсуздугун камсыздоо боюнча операцияларга катыша турганын” жар салды.

Ал арада Бакунун Шехиддер аллеясында чагымчыл маанайда митинг өтүп, анда Тоолуу Карабахтын аймагынан россиялык тынчтык орнотуучуларды чыгаруу талабы коюлду. Жаңжал ар кандай өңүттө уланып кетишин каңкуулаган кооптуу белги. Акция Азербайжандын парламенти тарабынан сынга алынды. Ошентсе да үч тараптуу макулдашуу убакыттын сынынан өтө элек экени айкын болуп калды.