Шайлоо менен референдум өткөрүүгө акча барбы? Вице-премьердин жообу

Шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын башчысы маалымат берип, анын ичинен акча каражаты туурасында да айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Январда боло турган президенттик шайлоого жарым миллиард сомго чукул каражат бөлүү каралгандыгын вице-премьер жана аталган штабды жетектеген Максат Мамытканов билдирди.

"Киреше жагынан бюджеттин аткарылышында 2020-жылы кыйынчылыктар болгонунан улам маселе жаралат, бирок бул президенттик шайлоону өткөрүүгө кедергисин тийгизбейт. Каржылоону камсыздайбыз", — деди Мамытканов.

Шайлдабекова президенттик шайлоону өткөрүү штабына теңтөрайым болду
Вице-премьерден Баш мыйзамды өзгөртүү ниетинде өтө турган референдумга бюджетте каражат бар-жогун сурашты. Аткаминер эгерде парламент жалпы элдик добуш берүү боюнча мыйзам бекитсе, өкмөт каржылоо маселесин карай тургандыгын билдирди.

"Бул иш-чараны өткөрөбүз. Тиешелүү каражатты караштырып, табабыз", — деди Мамытканов.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтмөкчү. ЖКнын бир катар депутаттары дал ушул күнү Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду кошо өткөрүү демилгесин көтөрүп жатышат.