Кыргызстанга эми 33 өлкөнүн жарандары кире алат. Тизме

"Манас" аэропорту коронавирус басаңдаган өлкөлөрдүн жарандарына КРге кирүүгө уруксат берилгенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстан 33 мамлекеттин жарандарына өлкө аймагына кирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Компаниянын кабарлаганы боюнча, аталган мамлекеттерде коронавирус басаңдап, эпидемиологиялык кырдаал турукташып келе жатканы байкалган. Мында Европа өлкөлөрү да бар.

Тизме:

  • Россия
  • Грузия
  • Азербайжан
  • Армения
  • Беларусь
  • Казакстан
  • Түркмөнстан
  • Бельгия
  • Австрия
  • Улуу Британия
  • Германия
  • Ирландия
  • Исландия
  • Италия
  • Латвия
  • Литва
  • Лихтенштейн
  • Люксембург
  • Португалия
  • Түркия
  • Швейцария
  • Швеция
  • Катар
  • БАЭ
  • Кытай
  • Малайзия
  • Түштүк Корея
  • Пакистан
  • Словения
  • Кувейт
  • Япония
  • Өзбекстан
  • Венгрия

Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун маалыматы боюнча, COVID көп катталган мамлекеттердин алдыңкы ондугунда АКШ, Бразилия, Россия, Испания, Улуу Британия, Аргентина, Италия, Колумбия турат.