Өкмөт: кинотеатр, фудкорттор азырынча ачылбайт

Буга чейин айрым ЖМКлар 19-ноябрдан тарта Бишкекте кинотеатр менен фудкорттор ачылып, иштей башташы мүмкүн деген маалымат таратышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Азырынча Бишкекте кинотеатр менен фудкорттор ачылбайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, буга чейин айрым ЖМКлар 19-ноябрдан тарта Бишкекте кинотеатр менен фудкорттор ачылып, иштей башташы мүмкүн деген маалымат таратышкан.

"Азыркы учурда кинотеатрларды жана фудкортторду ачуу маселеси өкмөттө каралууда. Аталган жайлар Республикалык штаб тийиштүү чечим кабыл алганда гана иштеп баштайт", — деп айтылат билдирмеде.

Өкмөттүн маалымат кызматы азырынча эч кандай чечим кабыл алына электигин эскертти.