БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депуттары Жанар Акаев менен Мирлан Жээнчороев 5-6-октябрь күнкү башаламандыкты уюштуруу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин социалдык тармактарда Жанар Акаевди суракка чакырган документтин сүрөтү жарыяланган. Анда эл өкүлү күбө катары тергөөчүгө бүгүн, 19-ноябрда, келиши керек деп жазылган.
Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, эки депутат тең күбө катары чакырылган.
Мурдараак ИИМ 5-6-октябрь күнкү окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүш болуп жатканын билдирген. Анда бир катар саясий партиялардын лидерлери 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан эле.