Дана Уайт Нурмагомедов дагы бир беттешке чыгарын айтты

UFC президенти Дана Уайт жеңил салмактагы титулдук беттеш тууралуу айтып жатып Хабиб Нурмагомедовго токтолгон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. UFC президенти Дана Уайт россиялык жеңилбес мушкер Хабиб Нурмагомедов карьерасын улантышы мүмкүн экенин дагы айтты. Бул тууралуу UFC башчысы MMA Fighting маалымат булагына маек берип жатып билдиргенин Р-Спорт жазды.

Уайт жеңил салмактагы титулдук беттеш тууралуу айтып жатып Нурмагомедовго токтолгон.

"Макгрегор менен Порьенин кармашы титулдук беттеш эмес. Чемпиондук кур үчүн Нурмагомедов чыгат. Ал кайрадан октагонго чыгат, мен буга ишенем", — деген UFC президенти.

Жакында Шевченко чемпиондук курун коргойт. Спортчунун презентациялык видеосу
32 жаштагы россиялык мушкер 24-октябрда америкалык Жастин Гэтжини утуп, жеңил салмактагы чемпиондук наамын үчүнчү ирет коргогон. Бул Хабибдин атасы каза болгондон кийинки биринчи беттеши болду. Кармаштын соңунда Нурмагомедов жеңишин атасына арнаганын билдирип, спорттон кетерин жар салган.

Анын атасы, ошол эле учурда машыктыруучусу жана башкы насаатчысы Абдулманап Нурмагомедов июль айында каза болгон. Ага эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлган.

Абдулманап Нурмагомедов уулу Хабиб карьерасын 30:0 эсеби менен жыйынтыктаарын көп жолу айтып келген. Спортчунун азыркы көрсөткүчү 29:0.

UFC президенти Уайт да Хабиб спорттон кеткенин жар салганына карабай кайра беттешке чыгарын буга чейин болжолдогон.