Адистер чылым чеккендердин териси кандайча картаярын айтып беришти

Иликтөөлөр күнүнө 10 даана тамеки тарткан адамда башкаларга салыштырмалуу бөйрөк рагынын кооптуулугу бир жарым эсеге көп болорун көрсөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Чылым көк түтүнгө жакындардын терисин мезгилинен 10-20 жыл эрте карытып жиберет. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Бүгүн Чылым чегүүдөн баш тартуунун эл аралык күнү белгиленип жатат.

"Иликтөөлөр күнүнө 10 даана тамеки тарткан адамда башкаларга салыштырмалуу бөйрөк рагынын кооптуулугу бир жарым эсеге көп өнүгөрүн көрсөткөн. Ал эми күнүнө 20ны чексе, тобокелдик 2 эсеге арбыйт. Дегеле чылым теринин 10-20 жыл эрте картаюусуна алып келет", — деп жазды агенттик.

Мындан сырткары, чылым сөөктүн упаранып кетүү кооптуулугун жаратары айтылды. Адистер мындан көк түтүнгө өзгөчө жакын аялдар сак болуусун эскертишкен. Себеби аялдар остеопороздон көбүрөөк жабыркап келишет.

Агенттик тамеки инсультту 50 пайызга көбөйтүп, өпкө дартынын 84 пайызын чакырарын да жазды.