БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого тыюу салуу боюнча өкмөткө сунуш киргизди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Мындай аракеттер азык-түлүк коопсуздугу боюнча экономикалык саясатты ишке ашыруу жана айыл чарба продукциясынын бааларын жөнгө салуу максатында жасалып жатканы айтылат.
"Азыркы оор кырдаалда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Зарыл товарларга баанын өсүшүн эске алып, тез арада чечүү зарыл. Ички базарды мал менен камсыз кыла албай калуу коркунучу бар", — деди министр Токтогазиев.
Убактылуу тыюу салууга сунушталган айыл чарба продукцияларынын тизмеси:
- Тирүү жылкы;
- Ири мүйүздүү тирүү мал;
- Тирүү койлор жана эчкилер;
- Тирүү үй канаттуулары: тоок (Gallus domesticus), өрдөк, каз, үндүк жана куштар;
- Буудай;
- Арпа;
- Жүгөрү;
- Күрүч;
- Буудай уну;
- Өсүмдүк майы;
- Кумшекер;
- Тоок жумурткасы;
- Йоддолгон туз;
- Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин жеми).
Тиешелүү жарлык премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон кийин күчүнө кирет. Азырынча ал кол коё элек.