5 жылдан президенттик эки мөөнөт сунушталууда. Жаңы Баш мыйзам долбоору

10-январда мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен келген президент алты жыл иштеп, ал биринчи мөөнөт катары саналсын деген сунуш болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Конституциянын жаңы долбоорунда бир эле адамдын беш жылдан эки мөөнөткө шайланышы сунушталып жатат.

Азыркы Баш мыйзам боюнча, мамлекетти башкарган адамдын бир гана жолу алты жылга шайланары айтылган.

"Президент Кыргызстандын жарандары тарабынан 5 жылга шайланат. Бир эле адам президент болуп эки ирет шайланышы мүмкүн эмес", — деп айтылган Баш мыйзамдын долбоорундагы 56-беренеде.

Муну менен катар эле 10-январдагы мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн аркасында мамлекеттин башына келген адам жаңы Конституциянын негизинде 6 жыл иштеши керектиги сунуштулган. Бул алты жылдык башкаруу шайлоодогу биринчи мөөнөт катары эсептелмекчи.