Токмокто социалдык стационардын 70 орундуу жаңы имараты ачылды

70 орундуу жатакананын имараты Кувейттин кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, эмерек менен жабдылган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы болду. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 70 орундуу жатакананын имараты Кувейттин "Ас-Сафа борбору" кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, эмерек менен жабдылган.

Эне жана баланы коргоо борборунда 200 млн. сомдук жаңы корпус ачылды. Сүрөттөр
Министрликтин статс-катчысы Каныбек Адиев Кувейт фондунун өкүлдөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирип, министрликтин Ардак грамоталарын тапшырган.

Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме – туруктуу камкордукка, үй-бүлөлүк жана медициналык кызматтарга муктаж болгон майыптыгы бар адамдардын туруктуу жашоосу үчүн жалпы медициналык-социалдык мекеме болуп саналат.

Бүгүнкү күндө мекемеде 207 майыптыгы бар адам жашайт.