Руслан Казакбаев Тажикстанга барып, чек ара маселесин талкуулайт

Иш сапардын алкагында Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен кезигет.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. 19-20-ноябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Баткен менен Согдинин жетекчилери такталбаган аймакка курулуш курбоону сүйлөштү
Билдирмеге ылайык, иш сапардын алкагында Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен кезигет. 

Жолугушууда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө кыргыз-тажик кызматташтыгы тууралуу сөз болору күтүлүүдө.

Мындан сырткары, тараптар кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча маселеге өзгөчө көңүл бурары айтылды.