БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 425 кишиден табылып, 531 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге ылайык, коронавирус бир сутка ичинде кечээкидей Чүй менен Бишкек шаарында көп катталган.
Жуктургандар:
- Бишкек – 110;
- Ош – 13;
- Чүй облусу – 117;
- Ош облусу – 50;
- Талас облусу – 8;
- Нарын облусу – 8;
- Ысык-Көл облусу – 55;
- Жалал-Абад облусу – 35;
- Баткен облусу – 29.
Айыккандар:
- Бишкек – 146;
- Ош шаары – 15;
- Чүй облусу – 93;
- Ош облусу – 69;
- Талас облусу – 17;
- Нарын облусу – 10;
- Ысык-Көл облусу – 51;
- Жалал-Абад облусу – 71;
- Баткен облусу – 59.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 67 894кө жетсе, анын ичинен 58 846сы айыкты. Тилекке каршы, оору 1 212 адамдын өмүрүн алган.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган. Анын ичинен бирөө кызыл зонадан жуктурган.
- Баткен облусунда – 3;
- Бишкек шаарында – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 8;
- Жалал-Абад облусунда – 2 (кызыл зонадан 1).
Ошол эле маалда стационардан төрт, үй карантининен беш медкызматкер айыгып чыгарылган.