Чүйдө үрөй учурган жол кырсыгы болуп, үч адам көз жумду. Видео

Милициядан билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен үч киши каза таап, дагы бир нечеси жаракат алган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде үрөй учурган жол кырсыгы катталып, натыйжада үч адам көз жумду. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсык болгон жерде тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

Билдирүүгө караганда, Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа айланма жолдо келе жатып, трассанын ортосундагы тосмого урунган. Жыйынтыгында көлүк аласалып кеткен. 

ЖКККББдан билдиришкендей, үч адам көз жумуп, дагы бир нечеси жаракат алган.