Бишкекте каралбай калган жерде чакан парк пайда болот. Эскиз

Бишкектиктер үчүн тарыхый баалуулук болуп саналган "Ленин с нами" мозаикалык паннонун жанына курулчу "чөнтөк парктын" аянты 730 чарчы метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкекте Жаш гвардия бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде чакан сейил бак ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Адистер эскиз чийишкен. Бишкектиктер үчүн тарыхый баалуулук болуп саналган "Ленин с нами" мозаикалык паннонун жанына курулчу "чөнтөк парктын" аянты 730 чарчы метрге жетет. 

Прокуратура: Бишкектеги сейил бакты жакшыртууда миллиондон ашык акча желген
Мэриянын маалыматына караганда, жакшы каралбай калган бул аймакка кайрадан жарык коюп, отургучтарды алмаштыруу пландалууда. Ошондой эле бак-дарак жана гүлдөр отургузулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкекте ушул сыяктуу ондогон жайлар бар. Аларды жаңылоо боюнча долбоорлор иштелип жатат.

"Чөнтөк парктар" (pocket park) Европа жана Түндүк Америкада өтө популярдуу. Мындай жайлар жылдан-жылга эли көбөйүп бара жаткан кымгуут шаардын тургундарына бир аз убакытка эс алууга жардам берет.