Табият кырсыгынан тарта манасчы Дөөлөт жана дрондор шоусуна чейин. Апта ирмеми

Sputnik

Дүйнөнүн бир жагында кишилер өрт кечсе, дагы бир бөлүгүндө руханий азык топтоп сааттап "Манас" эпосун айтышты.

Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерсе, азербайжандыктар Тоолуу Карабахтагы согуш отунун токтошуна кубанды.

Галактиканын укмуштуудай көрүнүшү. Октябрда космостон алынган мыкты сүрөттөр
Перунун кулатылган президенти Мартин Вискаррдын тарапташтары нааразылыкка чыкса, армениялыктардын бир тобу премьер-министр Никол Пашинянды аз жерден тытып кете жаздашты.

Медициналык бет кап тагынбай, ээнбаштанып жүргөндөр Индонезияда башкача жазаланса, гендердик теңсиздикке каршы нааразылыкка чыккан аялдын кылыгына полиция үн ката алган жок.

Крит аралдарындагы добул жергиликтүү элге бир топ мүшкүл жаратса, Кызыл аянтта үйлөнүп жаткан эки жаш жана алардын досторунун бейкапар сүрөттөрү кишини суктантпай койгон жок.

1 / 24
Бангалордогу өрт каптаган Шивам Сингх. Ал атайын костюм кийип мотоцикли менен 127 метрлик жалындаган туннелден өтүп, дүйнөлүк рекорд койду
2 / 24
Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Ала-Тоо" аянтында Гиннестин китебине кирүү максатында "Манас" эпосун 14 саат 27 мүнөт айтты. Ал 12-ноябрда эртең мененки саат 9:42де айтып баштап, кечки 00:27де, түн оокумда жыйынтыктады
3 / 24
Атайын даярдыгы бар киши, тагыраагы, бул ири жаныбарды башкарып жүргөн адам пилди туристтер менен кездештирүүгө даярдап жаткан учуру. Ассам штаты, Индия
4 / 24
Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров кыргыз тилин билүү боюнча деңгээлин текшерип, "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинде экзамен берип жатат
5 / 24
Модель Mila Win брендинин коллекцияларын Крымдагы мода жумалыгында элге алып чыгып көрсөтүүдө
6 / 24
Азербайжандыктар Тоолуу Карабахтагы согуш отунун токтошуна кубанып жатат. Россия президенти Владимир Путин, Армения премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжан президенти Ильхам Алиев Тоолуу Карабахтагы согушту токтотуу боюнча келишимге кол коюшту. Ал аймакка россиялык тынчтык орнотуучулар киришти
7 / 24
Перунун кулатылган президенти Мартин Вискаррдын тарапташтары Лима шаарындагы демонстрация учурунда
8 / 24
"Фэнтези" шоусунун бийчилери. Невада (АКШ) штаты, Лас-Вегас
9 / 24
Мумбайлык аял темир жол менен баштыгын башына көтөрүп келе жатат
10 / 24
Еревандагы өкмөт үйүнүн залдарынын биринде турган нааразылык акциясынын катышуучусу. Армениялыктардын бир тобу премьер-министр Никол Пашиняндын Тоолуу Карабах боюнча келишимге кол коюлуп, аймактын берилгени боюнча жасаган билдирүүсүнө жаалданды
11 / 24
Королдук опера театрынын спектакли. Лондон, Улуу Британия
12 / 24
Медициналык бет кап тагынбай, ээнбаштанып жүргөндөрдү жазалоо учуру. Индонезия
13 / 24
Прагадагы зоопарктагы жабык карантинге камалган биргазан (пеликан)
14 / 24
Газ секторундагы палестиналык кишинин жолборстун балдарын эркелетип жаткан учуру. Буларды жергиликтүү тургун үйүнүн чатырына кармап, багып келет
15 / 24
Гендердик теңсиздикке каршы нааразылыкка чыккан аялдын полициянын коргонуучу каражатын сырдап салган учуру. Мехико, Мексика
16 / 24
Гүл талаа. Гүлдүн баштарын үзүп алып себетке сала көтөрүп келе жаткан аял. Катманду, Непал
17 / 24
Экөө. Сеулдагы олимпиадалык парктын асманындагы дрондор тартуулаган шоу
18 / 24
Крит аралдарындагы добул жергиликтүү элге бир топ мүшкүл жаратты. Бир канча автоунааны, көчөлөрдү, үйлөрдү деңиздин толкуну ала келген кум, майда таштар жарым-жартылай жаап калды
19 / 24
Шыпыргы минген ойлоп табуучулар Сан-Паулу (Бразилия) көчөсүндө Гарри Поттердин китебине таасирленип чыкты. Алар "nuvem" деген аталыштагы жалгыз дөңгөлөк менен жүргөн электрунаасын ойлоп табышкан
20 / 24
Кызыл аянттагы үйлөнүп жаткан эки жаш жана достору. Москва, Россия
21 / 24
Мотоцикл менен чочкону ташып бара жатышат. Филиппиндеги суу каптаган жол. "Вамко" деп аталган тайфундан кеминде үч киши каза таап, төртөө белгисиз болуп жатат. 2 миллионго чукул адам жарыксыз калган
22 / 24
Улутчулдардын марш учурунда полиция менен кагылышуусу. Бул Польшанын көз карандысыздык күнүндө болгон. Быйылкы пандемиядан улам калаа мэри Рафал Тшасковский ар кыл иш-чараларды, анын ичинде марш өткөрүүгө тыюу салган
23 / 24
Балет жана хореография артисттеринин бүткүл россиялык сынагынын лауреаттары Анна менен Алина Алексеевалардын гала-концерт учурунда аткарып жаткан номери
24 / 24
"Волга — Днепр" авиакомпаниясына тиешелүү болгон Ан-124 кыймылдаткычындагы көйгөйлөрдөн улам Толмачево (Россия) эл аралык аба майданына аргасыздан конду