Шаршембиге карата аба ырайы

18-ноябрга караган түнү Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында, Ысык-Көлдүн кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңуп, тайгалак болот.
Sputnik

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Шаршемби, 18-ноябрда, күндүз көпчүлүк аймактарда кар, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын көп, катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет
Жаан-чачындын арбындыгынан улам зымдарга жана бактарга суу кар жабышат.  Кээ бир райондорго туман түшүшү ыктымал. 

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө -2...-7, Ош, Жалал-Абад облустарында 0...+5, Баткен жергесинде -1...+5, Ысык-Көл +1...+6, ал эми Нарын аймагында -2...+3 градус болоору айтылды.

Ал эми борбор калаада жана Ошто күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн. Термометр Бишкекте -2...-4, ал эми Ошто +3...+5 градусту көрсөтөт.