Москвада кыргызстандык кыз 5-кабаттан кулап кетти. Операцияга акча чогултулууда

Кырсыктаган кыз апасы менен жашап жүргөнү жана Москва районунун Дедовск шаарында окуй турганы аныкталды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Москванын Павелецкая метростанциясында 17 жаштагы кыргызстандык кыз бешинчи кабаттагы үйдөн кулап кетти. Бул туурасында КРдин Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматта 16-ноябрда элчиликтин юристи медициналык мекемеге барып мекендештин абалы менен таанышканы айтылат. Ал Кыргызстандын жараны экени жана кокусунан кырсык тооруп терезеден кулап кеткени белгилүү болгон.

"Кырсыктаган кыз Баткен облусунда туулган, бул жакта апасы менен жашачу. Москва районунун Дедовск шаарында окуй турганы аныкталды. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө механикалык желдетүүнүн жардамы менен жатат. Дарыгердин айтымында, кыздын абалы өтө оор. Жүрөгү, өпкөсү жабыркаган, бөйрөгү жарылып, жамбаш сөөктөрү сынган жана мээси чайкалган", — деп айтылат маалыматта.

Бул маселе элчиликтин көзөмөлүнө алынган. Азыркы тапта ага операция жасатуу үчүн мекендештердин аракети менен каражат чогултулуп жатат.