Министр: коронавирустан көз жумган 29 медиктин жакындарына 1 млн. сом төлөндү

Акыркы маалыматтар боюнча, COVID жуктуруп алган медиктердин жалпы саны 3 750гө жетти. Ал эми көз жумгандар — 84.
Sputnik

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Коронавирустан көз жумган 29 медиктин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал ошондой эле иш учурунда илдетке кабылган 479 медицина кызматкерине 200 миң сомдук компенсация берилгенин кошумчалады.

Сентябрдан тарта канча окуучу коронавирусту кайдан жуктурган? Министрдин жообу
Белгилей кетсек, буга чейин мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов коронавирусту жумуш учурунда жуктуруп алган медиктерге 200 миң сомдон компенсация берилет деген буйрукка кол койгон. Мындан тышкары, оору жуктуруп алып каза болгондордун жакындарына 1 миллион сом убадаланган.

Акыркы маалыматтар боюнча, COVID жуктуруп алган медиктердин жалпы саны 3 750гө жетти.

5-ноябрдагы маалымат боюнча, коронавирус 84 ак халатчандын өмүрүн алган.