Кооптуулуктун таасири талкууланды. Мусаев ЖККУ жыйынына катышты

ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитети тарабынан бир нече чечимдин долбоорлору каралып жактырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев катышкан ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитет жыйынында аталган уюмга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна учурдагы коркунучтардын тийгизген таасири  талкууланды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мусаев согуш аракеттери токтобой, курч кризистик кырдаал жаралган жерлердеги террорчулуктун, радикализмдин башка жактарга жайылуусу ЖККУ жоопкерчилигин алган аймакта коопсуздук үчүн олуттуу көйгөйлөр болорун белгилеген.

Кызматташууга маани беребиз. Жапаров ЖККУнун башкы катчысы менен сүйлөштү
Жамааттык коопсуздуктун алкагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө өз ара кызматташууну күчөтүү, аскердик, аскердик-техникалык кызматташууну кеңейтүү боюнча чаралар иштелип чыккан. Эл аралык террорчулукка, террордук жана аны менен байланышкан экстремисттик идеологиянын жайылышына каршы аракеттерди координациялоо боюнча да маселелер көз жаздымда калган эмес.

ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитети тарабынан бир нече чечимдин долбоорлору каралып жактырылган.

Алар — аскер жана аскердик-техникалык кызматташуу, ЖККУнун тынчтык орнотуу күчтөрүн, Ыкчам жооп кайтаруунун жамааттык күчтөрүн (ЫЖЖК) жабдуу, ЖККУнун баңгизаттарга каршы стратегиясы жана мамлекеттик бийлик органдары үчүн кадрларды даярдоо.

Эске салсак, быйыл ЖККУга Россия төрагалык кылууда.