ГУМдагы эвакуация: шектүү делген баштыктан тамак-аш табылды

Саат 16:10 чамасында милицияга соода борборунан шектүү баштык көзгө урунганы боюнча маалымат келип түшүп, имарат ошол замат курчоого алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. ГУМдун ичинен табылган шектүү делген баштыктан тамак-аш табылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, саат 16:10 чамасында милицияга соода борборунан шектүү баштык көзгө урунганы боюнча маалымат келип түшүп, ошол замат атайын кызматтын жана милициянын өкүлдөрү ал жерге чыгып кеткен. Имарат ошол замат курчоого алынган.

"Баштыктын ичинен тамак-аш чыкты", — деп билдиришти УКМКдан.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы окуя болгон жерде жүрөт. Ал имараттын курчоосу алынып, болжол менен саат 19:00дөн тарта соода борбору кайрадан иштей баштагандыгын билдирди.