ДССУ коронавирустун вакциналарын тарата турган болжолдуу датаны айтты

Илимий кызматкер ДССУнун негизги максаты тобокелчилик тобуна кирген адамдарды, башкача айтканда, биринчи кезекте медиктерди вакцина менен камсыз кылуу экенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Коронавирустун чектелүү вакциналары 2021-жылдын биринчи жарымында жеткириле баштайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун илимий кызматкери Сумья Сваминатандын айтымына таянып, РИА Новости кабарлады. 

"Кийинки жылдын биринчи жарымында биз чектелүү гана вакцина жеткиребиз. Азыр биз аны пландап жатабыз", — деди ал.

"Спутник V" вакцинасын социалдык тармактар аркылуу тааныштыра башташат
Сваминатан ДССУнун негизги максаты тобокелчилик тобуна кирген адамдарды, башкача айтканда, биринчи кезекте медиктерди вакцина менен камсыз кылуу экенин белгиледи.

Илимий кызматкердин айтымында, азыркы учурда уюм вакцина иштеп чыккандардын баары менен иштешип жатат. Анткени дары-дармектерди жакшылап тандоо керек. Ал вакцинанын айрымдары улгайган бейтаптарга туура келсе, башкалары, мисалы, сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылышы ыктымал.