Бишкектеги ГУМдан милиция элди эшикке чыгарып жатат. Видео

Соода борбордун тегерегине тосмолор коюлууда. Күч структураларынан азырынча бул боюнча толук маалымат бериле элек.
Sputnik

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкектеги ГУМ соода борборундагы эл сыртка чыгарылып жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирип, видеосун жөнөттү.

Соода борбордун аймагынан топтолгон адамдарды жана милиция кызматкерлерин көрүүгө болот. Ошондой эле борбордун тегерек-чети тосулууда.

Күч структураларынан азырынча бул боюнча толук маалымат бериле элек.