БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 479 кишиден коронавирус табылып, 439 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 169;
- Ош – 26;
- Чүй облусу – 77;
- Ош облусу – 15;
- Талас облусу – 23;
- Нарын облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 59;
- Жалал-Абад облусу – 64;
- Баткен облусу – 45.
Айыккандар:
- Бишкек – 104;
- Ош шаары – 17;
- Чүй облусу – 53;
- Ош облусу – 39;
- Талас облусу – 15;
- Нарын облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 42;
- Жалал-Абад облусу – 83;
- Баткен облусу – 84.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталган учурлардын саны 66 983кө жетип, анын ичинен 57 760 бейтап ооруну жеңген. Тилекке каршы, дарт 1 203 адамдын өмүрүн алды.