БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кечээтен бери өлкө боюнча 20 медиктен коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге ылайык, алардын ичинен эки медкызматкер ооруну кызыл зонада иштеп жүрүп жуктурган.
Коронавирус табылган медиктердин саны:
- Баткен облусу – 2;
- Бишкек шаары – 7 (кызыл зонадан бирөө);
- Чүй облусу – 3 (кызыл зонадан бирөө);
- Ош шаары – 1;
- Жалал-Абад облусу – 4;
- Талас облусу – 3.
Ошол эле учурда өткөн суткада стационардан үч, үй карантининен алты медик чыгарылганы айтылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 735 учур катталды. Анын ичинен 3 499 ак халатчан сакайды.