Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет

Кыргызстандын облустарынын дээрлик бардыгында абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болмокчу.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстан боюнча декабрь айынын аба ырайын алдын ала билдирген синоптиктер адаттагыдан айырмалаган көрүнүштөр болбостугун айтты. Анткен менен өлкөнүн тоолуу аймактарында сууктун күчү 34 градуска чейин жетери кабарланды.

Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет

Чүй облусунда жалпы жонунан суук 16 градуска чейин түшүп, ал эми жылыганда 2 градуска көтөрүлөт. Ал эми Таласта жалпы жонунан суук 18 градуска жетет. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаан-чачын нормадан арбын болушу күтүлүүдө. Көл кылаасында жылуулук 8 градустан ашпайт. Ал эми Теңир-Тоодо сууктун күчү декабрда -20…-25 градуска жетери айтылды.

Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы боюнча алганда -1…-3° суук, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3° суук…+2° жылуулуктан -5…-10 градуска чейин болору айтылды. Ал эми күндүз -2° суук…+3° жылуулуктан +7…+12 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -11…-16, түндүк тарапта -15…-20, күндүз -3…-8 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3… -8, күндүз +1…+6 градустун тегерегинде болушу күтүлөт.

Кээ бир күндөрү абанын температурасы -12…-17, күндүз -4…-9 градус болору айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу күтүлөт.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасын алганда -2…-4° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4 …+1 градустан, -6…-11ге чейин, күндүз -3 ... +2 градустан +6…+11 градуска чейин өзгөрүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9° болору айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы 0…+2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо -1…-3 суук болушу күтүлөт.

Бишкекте электрондук айдоочулук күбөлүктөр ишке кириши мүмкүн. Долбоор
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден -1…+4° жылуу болсо, күндүз термометр 0…+5 градустан +7…+12° чекке чейин көрсөтүп турат деп болжолдонду.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 …+2 градустан -4…-9га чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөрү айтылды. Кээ бир түндөрү -10…-15 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -4 ... +1 жылуулуктан +5…+10 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болору айтылды.

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы 0…+2°, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градустан -1…+4 градуска чейин болот. Күндүз 0…+5тен +7…+12 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турары айтылды.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 …+2ден -4…-9 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир түндөрү -10…-15ке чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -4 …+1ден жогорулап, +5…+10° жылуулукка чейин өзгөрүп турат.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…+2ден -5…-10 градуска чейин, күндүз 0…-5тен +2…+7 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болот.

Баткен облусунда

Абанын айлык орточо температурасы 0…+2 жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2 градус болушу күтүлөт.

0,7 млрд. сом... Бишкектин 10 айдагы бюджети аткарылбай калды
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден -1 …+4 градуска чейин, күндүз 0…+5тен +7…+12 градуска чейин чыгышы мүмкүн.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 …+2ден -4…-9 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир түндөрү -10…-15ке чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -4 …+1ден жогорулап, +5…+10 жылуулукка чейин өзгөрүп турары айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Көл кылаасында жылуулук 8 градустан ашпайт.

Абанын айлык орточо температурасы 0…-2, чыгышында -3…-5 градус болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан -7…-12 градуска чейин өзгөрмөкчү. Ал эми күндүз +3…+8 градустун тегерегинде болушу күтүлөт. Бирок кээ бир күндөрү 0…-5° көрсөткүчкө чейин төмөндөй турганы айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы -10…-12, Кочкор районунда -7…-9° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10дон тарта -14…-19 градуска чейин, күндүз -2 …+3төн -4…-9 градус суукка чейин өзгөрүлүп турары айтылды. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -20…-25 градус, күндүз -11…-16 градуска жете төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Алай өрөөнү

Прокуратура Бишкекте онлайн-сабакка кирбей жүргөндөрдү көзөмөлгө алат
Бул аймакта аталган айда плюс деген көрсөткүчтү жолуктурууга болбой турганын синоптиктер билдирди.

Абанын айлык орточо температурасы -12…-14° болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -9…-14төн тарта -15…-20° суукка чейин өзгөрүлүп турарын кабарлашты. Кээ бир түндөрү -23…-28 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -3…-8ден тарта -9…-14° суукка чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Чаткал өрөөнү

Бул аймакта да плюс деген көрсөткүчтү жолуктурууга болбостугун төмөнкү маалыматтан окууга болот.

Абанын айлык орточо температурасы -10…-12° болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10дон тарта -14…-19° болуп өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү -21…-26 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -2…-7ден баштап -8…-13° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Суусамыр өрөөнү

Аталган өрөөндө эң төмөнкү көрсөткүч түнкүсүн, тагыраагы, -34 градуска жетери айтылды.

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогорулайт да, -14…-18° болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -10…-15тен тарта -18…-23 градуска чейин, күндүз -2…-7ден баштап -10…-15° болуп өзгөрүп турушу күтүлөт. Кээ бир учурда түнкүсүн -29… -34 градуска, күндүз -16…-21 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.