Белгилүү онколог Дамира Байзакова көз жумду

Дарыгер Улуттук онкология жана гематология борборунун илимий кызматкери болуп эмгектенип келген. Ал 62 жашта эле.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Эмгек сиңирген дарыгер, балдар онкологу Дамира Байзакованын каза болгонун Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

Белгилүү болгондой, врачтын COVID жуктуруп алгандыгы лабораторияда аныкталган. Ал 62 жашта болчу.

1980-жылы Байзакова онкология жана радиология илимий изилдөө институтуна жумушка кирет. 1998-жылдан бери Улуттук онкология жана гематология борборунун жетектөөчү илимий кызматкери катары иштеп келген. 

Бир катар илимий эмгектердин автору онкологиялык илдетке чалдыккан бейтаптардын дартын аныктоодо көптөгөн жаңы ыкмаларды ишке ашырган.