Прокуратура Бишкекте онлайн-сабакка кирбей жүргөндөрдү көзөмөлгө алат

Райондук прокуратурадан окубай сыртта жүргөн балдарды сабакка тартып, мыйзам чегинде иш алып бара тургандыктарын айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы онлайн-сабакка кирбей жүргөндөрдү таап, кармап жаткандыктарын билдиришти.

Ош шаарында беш жаңы мектеп курулуп жатат. Даректери
11-ноябрда райондук прокуратура Биринчи май райакимчилигине онлайн-сабакка кирбей жүргөн балдарды таап, кармоо боюнча биргелешкен иш-чараларды жүргүзүүнү сунуштаган кат жөнөткөн.

Көзөмөл органы "Кыргыз Республикасындагы мыйзам бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, органдар менен билим берүү системасындагы окуу жайлар сабактан качып жүргөн өспүрүмдөрдү окууга тартуу боюнча чараларды көрүшү керектигин айтты.

Прокуратура бул демилге окуу процессинен четтеп калган мектеп окуучуларын табууга, алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусунун алдын алуу үчүн жасалып жаткандыгын билдирди.