Мэрия Айсулуу Тыныбековага берилген батирди менчиктештирүүгө аракет кылууда

Спортчу былтыр Нур-Султандагы дүйнө чемпионатында алтын медаль уткандан кийин президент үч бөлмөлүү батир берген.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык мэрия күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага берилген батирди кайтарымсыз негизде ыйгаруу аракетин жасоодо. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, балбан кыздын кыргыз спортун өнүктүрүүгө кошкон жогорку салымын эске алуу менен мэрия ага берилген үч бөлмөлүү батирди кайтарымсыз негизде ыйгаруу боюнча токтом долбоорун иштеп чыккан.

Дүйнөлүк күрөш уюму Айсулуу Тыныбекованы колдоого чакырды
Аталган документ 19-ноябрда өтө турган Бишкек шаардык кеңешинин күн тартибине киргизилген.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова былтыр тарыхта биринчи ирет күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон. Аны менен катар Токио олимпиадасына да жолдомо уткан. Андан соң мамлекет башчы тарабынан үч бөлмөлүү батир белек кылынган. Бирок Турак жай кодексине ылайык, ал кызматтык үй катары гана каралып калган. Мыйзам боюнча спортчу көзү тирүү кезинде гана жашап, кийин мамлекет кайра өзүнө кайтарып алат.