Атамбаевдин үй-бүлөсү, тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты. Видео

Суукка карабай Жогорку соттун алдына бир нече адамдар чогулган. Арасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары, кызы, күйөө баласы жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыгышты.

Суукка карабай ал жерге бир нече адамдар чогулган. Арасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары, кызы, күйөө баласы жүрөт.

Чогулгандар "Атамбаев эң мыкты президент", "Ачык жана акыйкат сотту талап кылабыз", "Атамбаевге эркиндик" деген жазуусу бар транспоранттарды көтөрүп турушат.

Бир катарлары "Боштондук" деп бир кыйкырышты.

"Конкреттүү жооп алабыз, себеби бүгүн болобу же болбойбу деген көп суроолор бар. Соттун тиешелүү өкүлдөрүнөн чыгып бизге сот канчасында болорун айтып коюшсун", — деди Атамбаевдин тарапташтарынын бири Рита Борбукеева үн күчөткүч менен сүйлөп жатып.

Жогорку соттун маалымат кызматы судьянын ооруп калгандыгына байланыштуу Атамбаевдин соту белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгын билдирген эле.

Жакындары "Атамбаев темир тордун артында мыйзамсыз отурат" деп билдирип, соттук процесстердин жабык өтүп жаткандыгына нааразы болуп, ачык жана таза сот болушун талап кыларын кечээ социалдык тармакка жазышкан.

Белгилей кетсек, Атамбаевди элдик толкундоодо 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин УКМКнын тергөө абагынан чыгарышкан. 10-октябрда Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурду деген кылмыш ишинин алкагында кайра кармашкан.

Ага чейин кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошоткон деген айып менен 11 жылга кесилген. Мындан тышкары, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу катары саналууда.